Бүгүн, 17-декабрда парламентте пенсия алуучулардын саны 686 миң 225ти түзөрү айтылды.
Депутат Төрөбай Зулпукаров жалпы салык төлөөчүлөрдүн санына кызыкты. Өкмөт өкүлдөрү 585 миң 786 салык төлөөчү катталганын, ал эми пенсия алуучулардын саны 686 миң 225 экенин билдиришти.
"Социалдык фонддун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети кирешелер боюнча 53 миллион 843 миң сом суммасында, чыгымдар боюнча 53 миллилон 506 миң сом суммасында аткарылган.