Садыр Жапаров үгүт иштерине Мамлекеттик күзөт кызматын пайдаланып жатабы? БШКнын жообу

Борбордук шайлоо комиссиясы "Мамлекеттик күзөт кызматы президенттикке талапкер Садыр Жапаровго үгүттөп жатат" деген "Фактчек.кж" басылмасы жазган маалыматты текшерип көрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

"Мамлекеттик күзөт кызматында иштегендер чындыгында эле бир талапкердин үгүт ишине жардам берип жатабы, жокпу, алгач маалымат аныкталышы керек. Албетте биз бул маселени алгач БШКнын жумушчу тобунун жыйынында, андан кийин БШКнын жалпы жыйынында карайбыз. Мындан тышкары маалыматты Башкы прокуратурага жөнөтөбүз. Баары такталгандан кийин гана так жооп айта алабыз", - дейт Журабаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baiaman997
2020-12-17 17:06:36
Эптеп эле Кылдан кыйык табып жатасынарбы?Садыр Жапаровду четтетиштин айласын таппай
+4
aizira
2020-12-17 22:51:18
Baiaman997,Баарыбир колдорунан эч нерсе келбейт деп койсонуз
0
Azizbek81
2020-12-17 19:43:08
Садырды бутундой Эл колдойт.мамлекеттик кузот кызматы коргоп жусо деле жарашат,Алга Садыр акыркы умут сизде
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан