Биз социалдык тармакта

БШК президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун өкүлүн каттады

БШК президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун өкүлүн каттады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-декабрдагы жыйында президенттик кызматка талапкер Садыр Жапаровдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү кылып Жаркын Бапанованы каттап, ага тиешелүү күбөлүк берүү чечимин кабыл алды.

Бул чечим Садыр Жапаровдун 16-декабрда жазган өз өкүлүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" өлкөнүн конституциялык мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан