Биз социалдык тармакта

Соцфонд: "Пенсиялардын орточо өлчөмү 2020-жылы 6061 сомду түздү"

Пенсиялардын орточо өлчөмү 2020-жылы 6061 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал пенсионерлердин саны жылдан-жылга өсүп жатканын, жылдын аягында 670 миңге жете турганын айтты. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, бир пенсионерге иштеген бир киши туура келет.

Парламентте "Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан