Армения-Азербайжан кагылышуусунда Хадрут аймагындагы Хин Тахер жана Хцаберд айылдарынын жанынан жоголгон 73 армян аскеринин тагдыры ушул күнгө чейин белгисиз. Бул тууралуу Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо министрлиги билдирген.
"Массалык маалымат каражаттары Хадрут аймагында жоголгон армян аскерлери жөнүндө карама-каршы маалыматтарды таратышууда. Тактап айтканда, алар 171 армян аскери жоголгондугун жазышууда. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 73 аскер кызматкери дайынсыз жоголгон. Алардын тагдыры азырынча белгисиз", - деп билдирген Коргоо министрлиги.
Мындан тышкары, Орусиянын тынчтык күчтөрү менен чогуу жоголгон аскер кызматкерлерин издөө иштери кызуу жүрүп жаткандыгы белгиленди.
Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.