Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен бир адам жаракат алды

Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам жаракат алды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен эртең менен саат 10:30дар чамасында Кулиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Кулиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда-Фит жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен бир адам жаракат алды. Учурда жол кырсыгынын себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан