Инвестор – доспу же каспы?

Кыргызстандын айрым айылдарында инвесторлор менен жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы жаңжал келип чыккандыгы тууралуу кезектеги жаңылык коомчулукту дайым эки жаатка бөлүп келет.

Экология көйгөйлөрү, жергиликтүү калкка колдоо көрсөтүү, айылдарда жумуш ордун камсыз кылуу, албетте маанилүү. Аларды чечүү зарыл. Бирок биз эмнеге көйгөйлөрдү дайыма күч менен алды-артыбызды ойлобой эле чечүүгө аракет кылабыз?

Бизде “бала-чакабызга көбүрөөк калат!” деген ураан менен ар кандай пайдалуу кендерди өндүрүү жана казуу иштерин токтотууга даяр кыйкырчаактардын тобу пайда болду.

Бирок муну жоопкерчиликсиз адамдар гана айтышат! Ата-энелерине кам көргөн, балдарын өстүргөн, аларды мыкты мектепке берүүнү кыялданган жана квалификациялуу дарыгерлердин болушун каалаган жарандар, мунун баары бюджеттин туруктуу толукталып турушуна байланыштуу экенин түшүнүшөт. Бардык инвесторлорду кууп чыгуу чакырыгы алгач патриоттуулук катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгү ар бир киловаттына 70 тыйындан төлөгөн электр энергиясы мамлекеттин эсебинен дотациялана тургандыгын түшүнүшөт. Балдарын багууда кыйналган жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн тоо кен өнөр жайларындагы иштер – бул алардын жан багуу мүмкүнчүлүгү. Кыргызстандын айылдарындагы жүздөгөн үй-бүлөлөр ичүүчү таза сууга жана сугат суусуна жетүүнү көздөшөт. Ал эми буга бюджеттин өсүүсү, инвесторлор менен болгон пайдалуу диалогдор аркылуу жетүүгө болот. Мисалга алсак, 2020-жылы “Кумтөр” түрдүү себептерден улам чиновниктер тарабынан он жылдап чечилбей келген маселени чечип, 650 үй-бүлөгө таза суу жеткирип берген.

Жерүй, Бозумчак кендерин өрттөө жана карактоого, Кумтөрдү улутташтырууга байланышкан чыр-чатактарга көз жүгүртүп көрөлү – муну “Кумтөр” компаниясы иштеген жылдардагы 4 миллиард доллардан ашык салыктарды, социалдык төлөмдөрдү, эмгек акыларын төлөгөнүн көрбөгөн адамдар жасашууда. Жерүй алтын кенинде орусиялык инвесторлор бир грамм алтын казып алышкан жок, бирок 4,5 жылдын ичинде компания Кыргызстандын жана бюджеттик эмес фонддордун бюджетин жарым миллиард сомдон ашуун суммага толтурган. Муну менен бирге, иштин жылдык божомолдонгон төлөмдөрү $535,5 миллионду түзөт.

Жогорудагылардан улам Орусияда, Кытайда, Батышта бизге эмнеге мародёр катары мамиле кылганы түшүнүктүү. Чет өлкөлүк ишкерлерди талап-тоноо, өрттөө жана коркутуунун эмне кереги бар эле? Балким ушул убайымдуу ишке баргандар дарыгерлерге жана мугалимдерге, алар ай сайын эмгек акы алган бюджетке эмнеге миллиард сомдон жетпей калганын түшүндүрөттүр?

Пайдалуу кендерди казып алуу Кыргызстандын өнөр-жай комплексинин негизи болуп саналат. Кен казуу тармагынын өлкөнүн ИДПга болгон салымы болжол менен 10%ды түзөт. Казып алынган кендердин көлөмү 2019-жылдын январь – май айларында республиканын статистикалык мекемесинин маалыматы боюнча 104 млрд 29.1 млн сомго бааланган, ал көбүнчө баалуу металлдарды казып алуу жана өндүрүү тармагы менен камсыздалат. Ал эми бул ар бир кыргызстандыкка таандык болгон стратегиялык объекттер. Ар бир кыргызстандык алардын ишинен мамлекеттик кызматтар, инфраструктураларды куруу, эмгек акылары, пенсиялар түрүндө өз үлүштөрүн алышат. Бул баарыбыз өнүгүүсүн каалаган биздин жалпы дөөлөтүбүз.

Бирок акыркы жылдары өлкөнүн ар кайсы жеринде “бул биздин кен байлык, анда биздин айылдын же райондун жашоочулары гана иштесин” деген чакырыктар көбөйүүдө. Бул биздин коомчулук үчүн жаман белги. Мурда түндүк, түштүк жана облустар боюнча бөлүп келишсе, эми кен байлыгы бар же жогуна жараша айыл-айыл болуп бөлүнөбүзбү?

Кыргызстандагы бардык пайдалуу кен байлыктар – бул биздин жалпы элдин кенчи, ошондуктан кен казуу жерлериндеги бардык кызматкерлердин 80ден 99%га чейин кыргызстандыктар түзгөнү боюнча формалдуу жана формалдуу эмес квоталардын болушу буга жетиштүү далил болуп саналат. Алардын Жалал-Абаддан, Баткенден, Оштон же Нарындан экени маанилүү эмес. Алар так иштешет жана инвестор ошол үчүн аларды жумушка алган. Коңшу облустун же такыр эле башка өлкөнүн жашоочуларын жумушка алуу ар дайым кымбатка турат, аларды каржылоого, ташууга, тамак-ашына, жашоосуна чыгымдар көп сарпталат. Инвесторлорго кесипкөй бухгалтерлер, кранчылар, оор техниканын айдоочулары, тоо инженерлери керек. Алар кесиптик билими бар, тажрыйбалуу болушу керек, болбосо долбоор ишке ашпайт же технологиялык же экологиялык катастрофага кабылып калышы мүмкүн.

Бул маселедеги тең салмактуулук алты миллион калкы бар өлкөнүн бардык жарандарынын кызыкчылыктары жабыркабагандай шартта болушу зарыл. Инвестор экологиялык талаптарды жана мамлекет менен сүйлөшүү этабында кол койгон бардык келишимдердин талаптарын так сактоосу зарыл. Биз, Кыргызстандын эли катары талап-тоноого жана коркутууларга жол бербешибиз керек. Себеби Кумтөрдүн, Жер-Үйдүн, Бозумчактын жана андан башка ондогон кен казуу жайларынын салыктары, эмгек акылары жана башка төлөмдөрүнө биздин өлкөнүн жүздөгөн жарандары жан багышат. Экинчиден, эч кандай максаты жок талаптар коомчулуктун кызыкчылыгынан жогору турбашы керек. Эгер инвесторго кандайдыр бир суроо болсо, аны мамлекеттик органдар аркылуу цивилдүү жол менен сүйлөшүп чечүүгө болот. Ушундай ресурстарга бай өлкөбүздүн бар экени - элибиздин бактысы. Көптөгөн элдер өз өлкөсү жок жүрүшөт же чөлдөрдө, тоо боорлорунда, саздарда жашашат.

Күчтүү мамлекет – бул мыйзамдар сакталган жана жарандардын ортосунда бөлүнүүлөр болбогон мамлекет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан