Мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Жогорку Сотко чакырылды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттон тастыкташты.
"Кечээ, 16-декабрда Жогорку Соттун өндүрүшүндө каралып жаткан Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаровдун ишине байланыштуу сот отуруму өткөн. Анда жактоочу Эркин Саданбеков сот отурумуна мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду чакыруу боюнча соттон өтүнмө кылган. Сот жактоочунун өтүнмөсүн канааттандырды. Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Сот кассациялык инстанциянын органы болгондуктан күбө же жабырлануучунун сот процесстерине катышуусу милдеттендирилбейт. Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков соттук отурумга жабырлануучу катары чакырылганы тууралуу билдирме жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.