Өзбекстандын өкмөтү экологияны сактоо максатында бак-дарактарды мыйзамсыз кыйып жаткандардын сүрөт-видеолорун жөнөткөндөргө акча төлөй турган болду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бак-дарактарды кыйып жаткан учурдан сүрөт же видео жөнөткөн жарандарга эрежени бузгандарга салынган айыптын 15 пайызы төлөнөт. Муну менен катар эле сүрөт, видеонун авторлорунун аты-жөндөрү жарыяланбайт.
"Жакын арада Экология боюнча мамлекеттик агенттик атайын бирдиктүү байланыш номерлерин жарыялайт. Учурда анын үстүнөн иштер жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.