Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дун келип чыгышын иликтөө үчүн эл аралык комиссияны Кытайга жөнөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, аталган уюм 2021-жылдын январь айынын башында COVID-19 инфекциясынын келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайга эл аралык комиссияны жиберет. Комиссия ар кайсы өлкөлөрдөн келген 12-15 эксперттерден турат. Алардын көзөмөлүндө кытайлык адистер тарабынан адамдардан жана жаныбарлардан анализдин негизинде байкоо жүргүзүлөт.
"Иликтөө иш сапары 6 аптага созулуп, аяктагандан кийин эки апта изоляция болот. Топтолгон материалдар анализделип бүткөндө, комиссия тергөөнүн экинчи этабына өтөт", - деп билдирди Даниянын өкүлү Чай Фишер.
Ухан шаарында чыккан COVID-19дун алгачкы учурлары өткөн жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги тарабынан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмуна кабарланган. Вирустун жаңы түрүнүн жайылышынын эпицентрине айланган азык-түлүк базары ошол кезде жабылганы маалыматта айтылат.