Ысык-Көл облусунунда жер титиреди, жабыр тарткандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-декабрда саат 21:02де Ысык-Көл облусунун аймагынын очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз, Тилекмат, Ак-Дөбө, Мундуз, Жалгыз-Өрүк, Кызыл-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.