2015-жылы Амстердам-Париж поездиндеги терактка шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Париждин соту поездге куралдуу кол салуу боюнча айыпталып жаткан 26 жаштагы жаранды өмүр бою эркинен ажыратты. Ал 2015-жылдын 21-августунда Амстердамдан Парижге бара жаткан поездге ок чыгарган.