"Жарым жыл бою эркин жүрө алышат". Орусияда мигранттардын жүрүү убактысы узартылды

Орусияда мигранттардын жүрүү убактысы узартылганы боюнча президенттин буйругу чыкты. Буйрукка ылайык, чет элдик жарандар 2021-жылдын 15-июнуна чейин жүрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Орусиянын расмий порталында жарыяланды.

Ага ылайык, аталган буйрукка 15-декабрда кол коюлган.

"Коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу Орус жарандыгы жок чет элдик жарандарды 2020-жылдын 18-апрелинен баштап 2021-жылдын 15-июнуна чейин өлкөдө жүрүүсүнө уруксат берилди", - деп жазылат маалыматта.

Жаңы чыккан буйрукка ылайык, 2021-жылдын 15-июнуна чейин мигранттарга төмөнкү документтерди узартуунун зарылчылыгы жок:

  • Визаны узартуу;
  • Жашаган жеринен каттоонун шарттарын;
  • Убактылуу жана дайымкы жашаган жеринде уруксаттын узартылышы.

"Чындыгында мигранттардын жүрүү убактысы узартылганын күткөнбүз. Бул абдан жакшы. Эми жарым жыл бою мигранттар Орусияда эркин жүрө алат. Июнь айында өлкөдө абал турукташып калат деген үмүттөбүз", - деген Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов.

Буга чейин Орусия чет өлкөдөн келген жарандарга 2021-жылдын жай мезгилине чейин жүрүүгө уруксат берүүнү пландап жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-12-18 12:26:55
Бул жөн гана баракта жазылып калган закон боюунча калат, метро, көчөлөрлө текшерип эле жатат! Базада барбы жокпу, баарын текшерип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан