Орусиянын президенти Владимир Путин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан окуялар тууралуу пикирин билдирди.
"Келерки жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 30 жылдыгын белгилейт. Бирок 30 жылдык юбилейдин алдында орто жаштын кризиси байкалып тургандай. Мисалы, Кыргыз өлкөсүндөгү, Беларустагы, Молдовадагы окуялар. Бул окуялардын жыйынтыгында Орусия өзүнүн союздаштарын жоготуп алат деп кооптонбойсузбу", - деген суроого Путин төмөндөгүдөй жооп берди:
"Сиз орто жаштын кризиси тууралуу сөз кылып, кээ бир өлкөлөргө токтолдуңуз. Мисалы, Кыргыз өлкөсү. Баш аламандыктар биринчи жолу болуп жатты беле? Ал жакта ар дайым ушундай көрүнүш. Менин көз карашымда Кыргыз өлкөсүндө ар дайым ички саясий абалды жакшыртуу үчүн алдыга чуркап келишет. Буга кээ бир батыш өлкөлөрүнүн таасири да бар. Ошондой эле саясий аң сезимдин, институттардын жетилгендигинин деңгээли мисалы, Франциядай эмес. Францияда саясий система ондогон, балким, жүздөгөн жылдар бою калыптанган. Парламенттик башкаруу системасы, өзүнүн туруктуу платформасы бар саясий партиялар жуздөгөн жылдар бою түптөлгөн. Постсоветтик өлкөлөрдө мунун баары кайда? Ошондуктан бул бүгүнкү күндүн жыйынтыгы эмес, бул өз жолун издөөнүн жыйынтыгы. Ошондуктан биздин саясий алакабыз кандайдыр бир чекке жетти дегенден алысмын", - деди Путин.
Орус президенти мындан сырткары Беларустагы баш аламандыктар, Молдованын жаңы шайланган президенти тууралуу пикирин билдирди.
"Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Санду белгилүү бир саясий партиянын мүчөсү катары эч кандай жаңы нерселерди айта элек. Мен ага ийгиликтерди гана каалайм. Мен Приднестровье аймагынан орус аскерлерин чыгарып кетүүнү колдойм. Бирок ага чейин ал аймактагы абал тынчтанышы керек.
Ал эми Беларустагы окуялар тууралуу бир нече жолу пикиримди билдирип келем. Дагы кайталап айта кетсем, өлкө өз алдынча маселелерин чечип алуусу керек. Александр Лукашенконун "маселелерди тынчтык жолу менен чечишибиз керек" деген сөзүнө кошулам. Ал Конституцияны өзгөртүүнү демилгеледи. Аягы кандай болорун эми көрөбүз. Менин бир гана каалаганым Беларустун маселелери сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүз чечилиши керек", - деди орус президенти.