Мексикалык модель жамбашын чоңойтуучу пластикалык операция учурунда каза болду

"Мексикалык Кардашьян" деген атка конгон теги мексикалык 29 жаштагы модель Жослин Кано жамбашын чоңойтуу үчүн жасалып жаткан операция учурунда каза болду. Бул тууралуу анын курбусунун билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын декабрь айынын башында жамбашына пластикалык операция жасатуу үчүн Колумбияга барган. 7-декабрда айрым кыздар арасында популярдуу болгон процедура учурунда ал көз жумган. Жослин Кано акыркы учурда Калифорнияда жашап, андагы университеттердин биринде билим алып жаткан. Анын өлүмү тууралуу туугандары эч кандай маалымат айта электиги жазылат маалыматта. Бирок курбусу сөөктү жерге берүү 16-декабрда өткөнүн жазган.

Жослин Канонун Инстаграм баракчасында дээрлик 13 миллион катталуучу бар. Ал дене-мүчөсү көрүнгөн ачык сүрөттөрүн байма-бай жарыялап турчу.

"Жослиндин кезектеги операциясы чынында чоң тобокелчилик болчу. Анда анын курсак бөлүгүнөн майлар алынып ал жамбашына салынмак. Бирок бул операцияда бир эле кадам туура эмес жасалса адам өмүрү менен коштошуп калышы мүмкүн эле. Буга чейин жамбашты чоңойтуу же дене мүчөнүн башка бөлүктөрүн чоңойтуу операциясы кыздардын өмүрүн алган учурлар катталып келгени менен, айрымдар мындай кадамга баары бир барышууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nazira...
2020-12-18 10:24:07
Кудай сактаа. Зарыл бекен ошончолук. Күнүмдүк жашоосун ойлоп, кийинки жашоосун эске албаган адамдар көп.
+4
Lordbek
2020-12-18 10:24:15
Кааап жаман болуптур
+7
bond02
2020-12-18 10:39:35
Дагы кандай кылып чонойтмок экен, озу деле XXL экен го.
+17
sultan_bek
2020-12-18 10:59:42
Жамбашы зынк экен да. Кандай сонун керемет фигура
-2
asefsa
2020-12-18 11:21:49
Ушул фигурасы деле жасалма болсо керек эле
+7
Shaa-82
2020-12-18 11:43:01
Тазза жинндиго )))
+5
assanov97
2020-12-18 12:40:25
Кыргыздарга окшошкен
+2
Islam98
2020-12-18 14:41:27
Кутурган да! Ансыз деле чон экен!Не кылат ото чонду!
+4
Ulia...
2020-12-18 16:56:26
Жаткан жерин жайлуу болсун
+2
Take.77
2020-12-18 19:23:24
Ушунча чон задный мосту которуп журуу да оной иш эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан