Белгилүү 33 жаштагы орусиялык теннисчи Мария Шарапова 41 жаштагы британиялык ишкер Александр Гилкске турмушка чыгууга макулдугун берди. Бул тууралуу Шарапова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Мен биздин биринчи жолугушуубузда эле ооба дедим. Бул биздин кичинекей эле сырыбыз", - деп жазды Шарапова.
Өз кезегинде Гилкс дагы Шарапова менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, ага ыраазычылыгын билдирди: “Мени абдан бактылуу кылганыңыз үчүн рахмат. Мен сени сүйүп, сенден сабак алган жашоону чыдамсыздык менен күтөм", - деп жазды Гилкс.
Дүйнөнүн биринчи ракеткасы болгон Мария Шарапова 5 жолу Дүйнө чемпиону аталган. Мындан тышкары, ал "Лондон-2012" Жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.
Ушул жылдын февраль айында Мария Шарапова карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.