Таласта 5 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрүн төлөбөй жүргөн жоопкерчилиги чектелген коом аныкталды

Таласта жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бири тарабынан 5 миллион сомдон ашык суммадагы милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

"УКМК тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык коопсуздукту камсыздоо чараларынын жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык иштерге каршы күрөшүүнүн алкагында, 5 миллион сомдон ашык суммадагы милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын (МСКБ) айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген" , - деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө уланып жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан