Музыка менен коштолгон кыска видеолорду жасоо, тагыраагы, Тикток тиркемесинин аудиториясынын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр экени баарыбызга белгилүү. Ал эми замандын агымы менен жаштардан кем калышпай кыска видеолорду тарткан улуу муундун өкүлдөрү да жок эмес. Учурда жаштар менен тең тайлашып Тикток тарткан апа көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда. Анын Тиктоктогу баракчасында 130 миңден ашуун катталуучусу бар.
Апанын баракчасынан өзү тууралуу "Тиктоктогу профессор" деп жазганын көрүүгө болот.