Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык жарандык паспортту түзүү, иштеп чыгуу, бекитүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына 14 жылдан бери 2006-жылы чыгарылган үлгүдөгү паспорт берилип келет. Учурдагы коркунучтарды, документтерин жасалмалоо фактыларынын көбөйүшүн эске алып, паспорттун жаңы муунуна өтүү боюнча долбоор иштелип чыккан.
Артыкчылыктары:
1) Жаңы электрондук паспорттордун башкы артыкчылыгы - 30дан ашык заманбап коопсуздук элементи, ошондой эле паспорттун сыртында электрондук чип, жеке маалыматтарды колдонуу үчүн заманбап материалдар жана лазердик технологиялар бар.
2) Жаңы электрондук чет элдик паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жооп берет, сапат жагынан да, коопсуздук жагынан да мамлекеттик кызыкчылыктарга туура келген коопсуз документ. Мындан сырткары электрондук паспорт АКШ тарабынан санкциялардын киргизилишине себеп болгон жагдайларды четтетүү боюнча иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Электрондук паспорттун эскиздеринин долбоорун иштеп чыгууда графалардын аттарынын жазылышында дүйнөлүк тажрыйба каралды.
1) "Аты, Атасынан аты" графасы:
2) "Атасынын аты" - графасын жазуу мамлекеттик тил боюнча комиссия менен макулдашылган.
3) "Given names" – "Берилген ысымдар" — Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарынын талаптарына жооп берет жана бул эл аралык тажрыйба. Ага ылайык, "Аты" милдеттүү болуп саналат, жарандын толук аты-жөнү көрсөтүлөт. Кыргызстандын шартында эгер атасынын аты болсо, анда ал көрсөтүлүшү керек.
4) Жаңы паспорттун киргизилиши Кыргыз өлкөсүнө Тышкы иштер министрлигинин линиясы аркылуу визасыз өлкөлөрдү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5) Биометрикалык паспортко өтүү Кыргыз өлкөсүнө жыл сайын Henley & Partners жарыялаган паспорт индексиндеги рейтингде көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет. Индекс дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүндөгү виза эрежелерин талдайт.
6) Каттоо кызматы бул документ чет өлкөгө чыгууда Кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү жана зарыл кадам болуп саналарын билдирет.
7) Мындан ары Кыргыз өлкөсүнө жарандарынын идентификациялык картасы – ID картасына "этностук таандыкты" көрсөтө турган графа киргизилди. Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, Кыргыз жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.