Индияда бир айда 12 адамга кол салган илбирсти атууга буйрук берилди


Индияда бир айда 12 адам илбирстин кол салуусунан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Индиянын Махараштра штатында илбирс бир айда 12 адамга кол салганы аныкталган. Жырткыч бир ай бою үч күн сайын адамдарга кол салып турган. Аймактагы жашоочулар үйлөрүнөн чыкпоого аракет кылышат. Ал эми жырткычты кармоо үчүн мамлекеттик токой чарба департаменти токойго 18 капкан жана 35 видеобайкоочу камераларын орнотуп, илбирсти издөөгө 80 адам жиберилген.

"Буга чейин декабрь айында жырткычтын изине түшүп, кармоого аракет кылышкан. Бирок ал качып кетүүгө үлгүрүп, кол салууну уланта берген. Илбирсти кармоого мүмкүнчүлүк болбогондо, аны өлтүрүүгө буйрук берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан