Тоолуу Карабахта орусиялык офицер жарылуудан каза болду

Тоолуу Карабахтагы Шуша шаарына жакын жерде мина тазалоо иштери жүрүп жатканда жарылуу орун алып андан орусиялык офицер каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү таратты.

"Шуша калктуу конушуна жакын жердеги жолдун бир бөлүгүн минадан тазалоо учурунда жарылуучу зат жарылды", - деп билдирген Коргоо министрлиги.

Жарылуудан орусиялык офицер жаракат алган. Аны ооруканага жеткирүү чаралары көрүлүп жаткан маалда, тилекке каршы, ал каза болгон. Коргоо министрлиги каза болгон офицердин үй-бүлөсүнө бардык жагынан жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалаган.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rakyl12
2020-12-21 11:18:48
Согуштун кесепети, эми канча адамга таасирин тийгизет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан