"Негизги күндөгү трагедия". Бангладеште кыз өзүнүн үйлөнүү тою учурунда сууга чөгүп каза болду

Бангладештин түштүк-чыгыш тарабындагы Хатия аралына жакын жерде той учурунда сууга 7 адам чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, балык кармоочу кеме менен Мегхна дарыясы аркылуу баланын үйүнө бара жаткан той кортежи суу алдындагы тоскоолдук менен кагышып, чөгүп кеткен. Мындан улам 7 адам каза болуп, бир нече жүргүнчү жээкке чыга алышкан жана дагы бир нече адамдар дайынсыз. Жансыз денеси табылган 7 адамдын ичинде тою өтүп жаткан кыздын дагы сөөгү болгон.

Учурда полиция, балыкчылар жана жергиликтүү тургундар дайынсыз жоголгон адамдарды издеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaninaiman
2020-12-20 22:45:05
Ушу гулянканар жаманда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан