"Топоздор менен". Франциялык жаран Эверест тоосунан 8 жарым тонна таштанды жыйнады

Франциялык жазуучу жана альпинистка Марион Шайньо-Дюпюи 8 миң 848 метр бийиктеги Эверес чокусунан 8 жарым тонна таштанды чогултту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.

Маалыматка ылайык, Марион Шайньо-Дюпюи үч жыл мурда "Таза Эверест" аттуу долбоор баштаган. Анын максаты бийик чокуну жыл бою чогулган таштандыдан арылтуу болгон. Үч жылдын ичинде Марион 8 жарым тонна таштанды топтогон.

Акыркы 17 жылдан бери Марион тоолордо гид катары иштеп келет. Бул анын бала чагынан берки кыялдарынын бири болгон. Ал Эверест чокусуна 2013-жылы чыгып, 30 жылда канчалык деңгээлде булгангандыгын көргөн.

Андан соң тоонун чокусунан таштандыны алып түшүү үчүн Марион жана анын командасы жергиликтүү бийликтен 50 топоз алышкан. Мариондун миссиясы бир эле айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтуу эмес, ошол аймакта жашагандардын жашоо сапатын жакшыртуу дагы болгон.

Эверест тоосун тазалаган француз кызы эми кезекте Гималай тоо кыркаларын таштандыдан арылтууну көздөп жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан