Атактуулукту эрте багынткан америкалык ырчы Ариана Гранде турмушка чыгарын жарыялады

Атактуулукту эрте багынткан америкалык белгилүү ырчы Ариана Гранде турмушка чыгарын жар салды. Чет элдик басылмалардын жазганы боюнча, ырчынын болочоктогу жолдошу өзүнөн эки жаш кичүү.

Ариана Гранденин тандоосу кыймылсыз мүлктөр боюнча агент болуп иштеген Далтон Гомес аттуу мырза. Түгөйлөр кыз-жигит деген статусун үй-бүлө деген макамга алмаштыруу чечимин жекшемби күнү кабыл алышкан. Ырчы жашоосундагы бурулушун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялап, сүйүктүүсү менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жүктөгөн.

Ошондой эле Ариана Гранде колундагы бриллиант көздүү шакегин көрсөтүп, тандоосу менен түбөлүккө экенин жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан