Орусиянын Воронеж облусундагы Новая Аленовка айылынын түптөөчүсү Алёнкага арналган эстелик интернет колдонуучуларын күлкүгө салды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Белгилүу болгондой, эстеликтин ачылышы 18-декабрда болгон. Бул жылы Новая Аленовка айылынын негизделгенине 250 жыл болгон. Аталган айылдын ордунда азыркы мезгилде Нововоронеж шаары орун алган.
Эстелик социалдык тармактарда резонанс жаратып, көпчүлүк колдонуучулардын сынына кабылды. Айрымдар аны коркунучтуу десе, айрымдар күлкүсүн жашырышкан жок.
"Архитекторлор, тилекке каршы Хэллоуин майрамы өтүп кеткен, бул эмне деген шумдук?",
"Мындай "керемет" менин тереземдин түбүндө болсо башка жакка көчүп кетмекмин",
"Мындай искусствону көрүү үчүн эми Воронеж шаарына дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агыла башташат", - деген пикирлер байма-бай жазылууда.
Шаар бийлиги сынга кабылган эстеликти алып салуу чечимин кабыл алды.