Кытайдын Чунцин шаарындагы зоопаркта дүйнөдөгү эң кары панда өлдү. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, Синь Син аттуу панда 38 жашка чыккан. 38 жаш - панда үчүн абдан узак өмүр, тагыраагы пандалар жапайы жаратылышта 20 жыл жашашса, зоопартка 25 жылга чейин жашашат. Адам өмүрү менен салыштырганда ал 130 жыл жашаган адамдай узак өмүр сүргөн.
"Синь Син карылыгынан улам, көп органдары иштебей өлгөн. Ал өмүрүндө 36 мамалак тууп, зоопарктагылар аны "баатыр эне - панда" деп аташчу. Ал 1982-жылы жайында туулган, Чунцин шаарындагы зоопаркка бир жашында алып келинген. Октябрь айында ал алсырап, табити жок болуп, күндөн күнгө абалы начарлай баштаган. Ветеринарлардын Синь Синди сактап калуу аракетинен майнап чыккан жок", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, Кытайда пандаларды өлтүрүүгө тыюу салынган.