
“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору
Элнура Жолдошева кызматтан кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Элнура Жолдошева кызматтан кетүү арызынын негизинде жумуштан бошотулган.
"Ал эми “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруусу Айгүл Наватовага жүктөлдү. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду", - деп билдиришти мэриядан.