Бүгүн, 22-декабрда АКШ долларынын улуттук валютага болгон орточо баасы 82 сом 40 тыйынды түздү.
"Акчабар" финансы порталында жазылган маалыматка ылайык, коммерциялык банктарда доллардын баасы сатып алууда 82 сом 20 тыйындан 82 сом 50 тыйынга чейин болсо, сатууда 82 сом 60 тыйындан 82 сом 90 тыйынга чейинки бааны түздү. Ал эми акча алмаштыруу жайларында 82 сом 79 тыйынга чейин.
Улуттук банктын расмий курсу 81 сом 5 тыйын деп көрсөтүүдө.
Эскерте кетсек, өткөн аптада доллардын сомго карата курсу 84 сомдук чектен ашкан. Буга байланыштуу Улуттук банк декабрь айынын башынан бери 3 жолу интервенция жасаган. Ал эми жыл башынан бери Улуттук банк тарабынан 29 жолу интервенция жасалып, анын суммасы жалпысынан 467 миллион 150 миң долларды түздү.