100 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Финполдун (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан) маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кармалган кызматкер жарандан 3 миң доллар акча талап кылган.
"Финансы полициясына ИИМдин кызматкери 3 миң АКШ долларын талап кылып жаткандыгын айтып, Т.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Финполдун жана ИИМдин кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө 100 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Р.Б. кармалды. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.