Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештеги вице-спикерлик кызматынан кетүүнү чечти. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.
"Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин орун барсары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз калоосу менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечимин кабыл алды.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү" , - деп жазылат билдирүүдө.
Бул боюнча Мирлан Бакировдун өзүнөн комментарий алуу мүмкүн болгон жок.