Биз социалдык тармакта

"Шайлоодо Форма-2 пайдаланылбайт". Республикалык штаб шайлоого даярдануу боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Бүгүн, 22-декабрда президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана аны ѳткѳрүү, ошондой эле шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү. Бул тууралуу Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Аден Турусбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга БШКнын тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова жана вице-премьер-министр, республикалык штабдын жетекчиси Максат Мамытканов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров жана башка бир катар жетекчилер катышып, калктын жана шайлоо участкаларынын 2021-жылдын 10-январында өтө турган шайлоого болгон даярдыгын талкуулашты.

"Жыйындын жүрүшүндѳ мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бир катар милдеттемелер тагылды.

Ага ылайык, 2021-жылдын 10-январында шайлоону ѳткѳрүүнү даярдоо боюнча шайлоо комиссияларын байланыш, электр энергиясы, транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча кѳмѳк кѳрсѳтүү, биометрикалык каттоодон ѳтүү, ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жер-жерлердеги шайлоочулардын пайда болгон кѳйгѳйлѳрүн чечүү, ѳзгѳчѳ категориядагы жарандар менен иш жүргүзүү, шайлоону ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо жана башка тапшырмалар берилди".

Ошондой эле шайлоочуларга 10-январда өтө турган шайлоодо Форма-2 пайдаланылбай турганын, андыктан шайлоочулар өздөрү каттоодо турган жеринен гана шайлай ала тургандыгын же болбосо жашаган жерине каттоого туруу керектиги тууралуу маалыматты калкка жеткирүү маселеси коюлганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан