"Көзү ачыктар таймашы" шоусунун финалчысынын кичинекей кызга карата жасаган ырымы чуу жаратты

Орусияда "Көзү ачыктар таймашы" шоусунун жеңүүчүсү Ирина Игнатенконун кичинекей кызга карата жасаган ырымы талкууга алынды. Анын ыйлап жаткан кызга жасаган ырымы видеого тартылып, интернетке тараган.

Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, ырым жасалган бала болжол менен 3-4 жашта. Аны эки чоң киши колу, бутунан кармап турушкан. Кыз ачуу кыйкырып, ыйлап, деми кысылып жатканына карабай Игнатенко бир нерсени түтөтүп, баланын оозун жапкан. Ырым аяктагандан кийин Игнатенконун буйругу менен баланы кармап тургандар бөлмөдөн чыгып кетишкен.

"Жиндерди кууп чыкканы" үчүн экстрасенс баланын ата-энесинен 60 миң рубль алган", - деп жазылат маалыматта. Бул көрүнүштү Орусиянын тергөө комитети жана балдар акыйкатчысы, жактоочу Сталин Гуревич "балдарды кордоо" деп баалап, текшерүүгө алууга чакырган. Орусиянын Ички иштер башкармалыгы бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Ал эми экстрасенс дайыма эле "жиндерди кууп чыгара" бербесин, алгач ал бейтаптын дартынын тарыхын кылдаттык менен карап чыгарын, андан кийин гана чечим чыгарарын айткан. Айрым учурда Ирина Игнатенко жардам сурап кайрылгандарды медициналык мекемелерге жиберерин дагы билдирген. Ал "жин чыгаруу" ырымынын коркунучу жок экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Duniya
2020-12-23 01:57:48
Динге киргиле окендер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан