Ысык-Көлдө 34 жаштагы жаранды кыйып аткан карагай басып калып, каза болду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 34 жаштагы жаранды карагай басып калып, каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү саат 18:30да Жыргалаң шахтасында карагай кыйып жаткан учурда 1986-жылы туулган жаранды карагай басып калган. Жерине ӨКМнын №7 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып маркумдун жансыз денесин карагайдын алдынан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан