Учурда экономикалык кылмыштарга байланышкан 175 миллион сомдук зыянды камтыган 1 миң 332 кылмыш иши өндүрүштө каралып жатканы айтылды. Бул тууралуу кечээ, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди.
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин “Экономикалык мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Депутат Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору республикалык бюджетте тартыштык орун алган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессине катышкан адамдарга карата ишкердик ишин жүргүзгөн субъекттерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө максатында даярдалган.
"Сунушталган ченемдер күнөөсүн мойнуна алган жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга коомдон обочолотпоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган", - деди ал.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун идеясы жакшы экенин билдирди. "Бирок кылмыштан төлөп кутулуу мүмкүнчүлүгү коррупциялык жагдайларга жол ачуу менен аткезчиликтин көбөйүшүн шарттайт", - деди Бекешев.