Тоолуу Карабахта Армения-Азербайжан кагылышы орун алгандан кийин 61 күн дайынсыз болгон атасы жана баласы аман-эсен табылды. Бул тууралуу Тоолуу Карабах Республикасынын расмий маалымат борборуна таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Издөө-куткаруу иш-чараларынын натыйжасында 61 күн мурун дайынсыз жоголгон эки жаран: атасы жана баласы Микаэль менен Гегам Петросяндар табылды. Орусиянын тынчтык күчтөрүнүн коштоосунда алар Степанакерт шаарына жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.
Жоголгон адамдар кайсы жерден табылгандыгы так айтылган эмес.
Буга чейин Армения-Азербайжан кагылышуусунда 73 армян кызматкери дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган. Кийинчерээк 6 армян аскерлери табылгандыгы кабарланган.
Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.