Өзбекстанда мечиттен чыккан чырдан дин кызматкери каза болду

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы мечиттен чыккан чырдан бир кызматкер каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, кечээ, 22-декабрда саат 09:30 чамасында Сурхандарья облусунун Шерабад районунда жайгашкан мечиттин имаратында 46 жаштагы киши менен мечит кызматкеринин ортосунда пикир келишпестиктерден улам чыр чыккан. Натыйжада 46 жаштагы жаран мечит кызматкерин жанына кошо ала кирген бычагы менен сайып салган. Жабыркаган дин кызматкери ооруканага жетпей каза болгон.

"Өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул факты боюнча иш козгоп, шектүү сурак берүүдө. Иликтөө иши уланууда" - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asel69
2020-12-23 13:29:49
Диний догмаларга ишенип, диний фанатизм болбош керек.
-10
bekhaliev
2020-12-23 14:04:03
Asel69,сен орукчан адам окшойсун,
+8
Milan1899
2020-12-23 14:19:46
Asel69,бул тенирчи да
+7
tilek121277
2020-12-23 20:04:42
Asel69,оозунан эч бир жакшы соз чыкпайт экен да
+1
MAKALAK
2020-12-23 23:51:19
Asel69,Бул эркек бала
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан