2 жыл өгөй атам зордуктады деген кыздын окуясы: Жактоочу таенесинин окуя тууралуу айтканын видеого тартты

Токмокто 15 жашар өспүрүмдү зордуктаган өгөй ата кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу кечээ, жабырлануучу кыздын жактоочусу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирген болчу.

Жактоочу кыздын таенесинин видеосу менен дагы бөлүшүп, ал күйөө баласы небересине тийишип жүргөнүн көргөнүн айтып берген.

Жабырлануучу кыздын апасынын оюн угуу үчүн биз Токмок шаарына бардык. Ал алдын ала бизге комментарий берүүгө макулдугун берген. Токмок шаарына жетип, аны менен жолугалы дегенде "менин жактоочум бар, ал мага маалымат бергенге тыюу салды. Бардык чындыкты милициядан билип алгыла" деп маалымат берүүдөн баш тартты.

Окуянын чоо-жайы:

19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.

Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.

SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан