"Буттары байланып, башына баштык кийгизилген". Орусиялык ЖМКлар Санкт-Петербургда Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганын жазды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Приозерск аймагында Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганы жазылууда. Маркумдун жансыз денеси жеке үйдүн жер төлөсүндө болгон. Бул тууралуу орус басыламалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал кыргыз жараны бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан.

"Борбор Азиядан келген 45 жаштагы киши бир нече күн мурун күтүүсүздөн дайынсыз болуп кеткен. 17-декабрда ага издөө жарыяланып, 21-декабрь күнү аталган аймактагы Железнодорожная көчөсү-24 дарегиндеги жер төлөдөн анын жансыз денеси табылган.

Полиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, маркумдун буттары байланган абалда жаткан, ал эми башына "Магнит" супермаркетинин баштыгы кийгизилген жана жаракат алганы байкалган.

Аталган кылмышка шектүү катары ошол эле күнү Чапаев көчөсүнүн 18-үйүнөн 52 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, ага тийиштүү берене менен кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан