Бишкектеги өкмөт үйүнүн жанында ипотекалык насыя алган жарандар насыянын пайыздарын төмөндөтүүнү талап кылып митингге чыгышты.
Митингдин катышуучулары өкмөт үйүнүн жанында "4 пайызга түшсүн! МИК - эл менен болсун. Элдин көйгөйү чечилбесе жоюлсун!" деген талаптары менен чогулушкан.
Ипотекалык насыя алган жарандар коронавирус пандемиясы учурунда келип чыккан каржылык кыйынчылыктардан улам 9 пайыздык насыяны төлөй албай жаткандыгын түшүндүрүп, мамлекеттик ипотекалык компаниядан ставканы 4 пайызга чейин түшүрүүнү талап кылышат. Насыя алуучулардын арасында үчүнчү айын төлөй албагандар да бар.
"Апам 2016-жылы "Капитал Банкынан" 12 пайыз менен насыя алып, андан кийин бул чен 9 пайызга түшүрүлгөн. Кийинчерээк, насыяны төлөөнүн эки формуласы бар экендигин билдик, бирок бизге эч ким бул тууралуу маалымат берген жок",- деп билдирет митингчилердин бири.