Алмазбек Атамбаевге карата соттук териштирүү кайрадан жылдырылды

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге карата белгиленген сот отуруму кайрадан жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Соттук процесске мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жана анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов алып келингени маалым.

"Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер. Бүгүн айрым айыпталуучулардын келбегендигине байланыштуу сот процесси болбой калды. Ал эми Кой-Таштагы жер тилкелери боюнча айыптоо иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, өзүнчө карала турган болду. Себеби анда айыпталуучу Албек Ибраимов жок болуп жаткандыктан сот процесси улам жылып жаткан. Ал эми башка айыпталуучуларга карата соттук териштирүү 30-декабрга белгиленди", - деди жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан