Орусиянын президенти Владимир Путин 31-декабрды эс алуу күнү кылуу сунушун колдоду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, парламенттеги "Бирдиктүү Орусия" фракциясынын лидери Сергей Неверов 31-декабрды эс алуу күнү кылууну сунуштаган. Бул демилгени президент Владимир Путин колдоорун билдирип, бирок федералдык деңгээлде 31-декабрды эс алуу күнү деп жарыялоого болбой турганын билдирген.
"Неверовдун сунушун колдойм. Бирок мыйзамга ылайык, өлкө аймагы боюнча бул күндү эс алуу күнү катары белгилегенге болбойт. Ошондуктан аймактардын жетекчилигине 31-декабрды иш күнү эмес деген чечим кабыл алууга чакырам", - деп билдирген Путин.
Белгилүү болгондой, Ленинград, Курск, Белгород, Рязань, Крым, Кабардино-Балкария, Хакасия, Томск жана башка бир нече аймакта жылдын акыркы күнү эс алуу күнү деп жарыяланды. Ал эми дагы 20 аймактын жетекчилери мындай чечимди кабыл алуу алдында турат.