"Африкадан келген". Улуу Британияда коронавирустун дагы бир жаңы жугуштуу түрү катталды

Улуу Британияда коронавирустун дагы бир жугуштуу делген жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Бул вирус буга чейин Лондондо катталган жаңы вирустан дагы бир топ жугуштуу", - деген Хэнкок.

Анын айтымында, адистер Британияда вирустун эки учуру катталганын аныкташкан. Эки бейтап тең Түштүк Африка Республикасынан (ТАР) келген.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан