"Дүйнө сулуусу" наамын жеңген жаранды автобус сүзүп кетип каза болду

Аргентинадан чыккан алгачкы дүйнө сулуусу Норма Компальону автобус тебелеп кетип каза болду. Бул тууралуу
чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, кырсык Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өткөн бейшемби күнү болгон. Дүйнө сулуусу соода кылуу үчүн көчөгө чыгып, жол чырактан өтүп бара жатканда автобус сүзүп кеткен. Ал ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин жасаган тынымсыз аракетине карабай, Компальо беш күндөн соң көз жумган. Ал 81 жашта болчу.

Норма Компальо 1960-жылы Лондондо өткөн "Дүйнө сулуусу" сынагын жеңип алган. Ал Аргентинадан чыккан биринчи дүйнө сулуусу аталган. Компальо ал учурда болгону 21 гана жашта болуп, наамдан тышкары спорттук унаа жана ири суммадагы акчалай сыйлыкка ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shabi
2020-12-24 13:12:04
Жакшыле жашап калган экен го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан