Бүгүнкү өткөн маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев шаар тургундарына кайрылып, мекеменин бай кызматкерлери жөнүндө маалымат билсе, ага маалымат берүүнү суранып өттү.
"Чекисттер бай эмес, алар жөнөкөй болушу керек. Эгер бай болгуң келсе, анда бизнес менен алектен, кызматтан кет", - деди Ташиев.
Ошондой эле журналисттер төрагага УКМКнын кызматкерлери Салмоор Жумабеков менен Эльдар Жакыпбеков жасалма документ менен кармалган Кылычбек Саркарбаев жана Савай айыл өкмөтү Мунарбек Сайпидинов менен тааныштыгы бар экенин айтышты.
"Саркарбаевди Оштун жарымы тааныйт. Раимбек Матраимов менен кимдер гана тааныш болгон эмес. Мен дагы аны менен таанышмын. Бирок кимде ким кылмыш кылса ал жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал аты аталып өткөн Салмоорбек Жумабеков УКМКнын мыкты кызматкери жана жакшы иштей турганын айтты.
"Эгер ал мыйзамды бузса, биз аны жазалайбыз", - деди төрага.