Бүгүн, 24-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында президенттик шайлоо өткөрүү учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралууда.
Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өз сөзүндө 2020-жылы Кыргыз мамлекети бүтүндөй дүйнө жүзүндөй эле кыйын жана трагедиялык окуяларга туш болгондугун белгиледи.
"Пандемиянын натыйжасында мамлекеттин бардык олуттуу көйгөйлөрү ачыкталды. Тилекке каршы, биздин 79 миңден ашык жараныбыз ооруга чалдыкты, алардын ичинен 1300дөн ашык адам коронавирустук инфекциянын пандемиясынан улам каза болушту. Терең кайгыруу менен биздин элдин чексиз кайгысын тең бөлүшөм", - дейт Талант Мамытов.
Президенттин милдетин аткаруучу коронавирус инфекциясынын пандемиясы мамлекеттик башкаруунун айрым чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде, саламаттыкты сактоо системинде орун алган көйгөйлөрдү, мезгил талабына ылайык, бул системага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын ачыктагандыгын белгиледи.
Ал коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаалды турукташтыруудагы аскер кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын ишмердигин канааттануу менен белгиледи.
Талант Мамытов азыркы учурдагы негизги милдеттердин бири - президенттик шайлоону жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өткөрүү экендигине токтолду.
Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу бул иш-чараларда эл өз келечегин тандай турганын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарды өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырып, мыйзам чегинде гана иш алып барууну талап кылды.
Талант Мамытов белгилегендей, 5-6-октябрь күндөрүндөгү парламенттик шайлоонун адилетсиз жыйынтыгынан улам элдик толкундоолорго жана бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан сабак алуу керек.
Президенттин милдетин аткаруучу эл чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын, андыктан президенттик шайлоо жана референдум таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин, президенттикке талапкерлердин баарына бирдей талаптарды коюу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.