УКМКнын төрагасы маалымат жыйынын өткөрдү
Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында төрага көптөгөн маселелер боюнча сөз кылып, журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берди. Алсак, жакында эле пандемия шартына карабай, 1000 киши чакырып той берген ишкер Жалил Атамбаевдин УКМКда иштеген уулуна катуу сөгүш берилгенин, "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновго издөө жарыяланганын, мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы эмес экенин жана башка бир нече маселелер тууралуу айтты.
Мындан сырткары Ташиев жакында Жогорку Кеңештин депутаты кармалганын билдирди.
Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынын толугу менен ушул шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыз.
Жогорку Соттун төрайымына кылмыш иши козголду
Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында айткан дагы бир чуулгандуу маалымат Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгону болду.
Анын айтымында, тергөө иштеринде анын күнөөсүн аныктаган жетиштүү далилдер бар.
Ташиевдин айткандарына Жогорку Соттун басма сөз кызматы жооп берип, күнөөсү далилденип, соттун чечими чыкмайынча адам күнөөсүз деп эсептелерин белгиледи.
Садыр Жапаровдун жактоочусу президенттик аппаратка кызматка орношту
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиргендей, Замирбек Базарбеков президенттик аппаратка кызматка орношту.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Базарбеков Замирбек Курамаевич президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Замирбек Базарбеков 1957-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. 1989-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Базарбеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жактоочусу болуп жүргөнү белгилүү.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жыйында президенттик шайлоону өткөрүү учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралды.
Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өз сөзүндө 2020-жылы Кыргыз мамлекети бүтүндөй дүйнө жүзүндөй эле кыйын жана трагедиялык окуяларга туш болгондугун айтат.
Талант Мамытов азыркы учурдагы негизги милдеттердин бири - президенттик шайлоону жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өткөрүү экендигине токтолуп, 5-6-октябрь күндөрдөгү парламенттик шайлоонун адилетсиз жыйынтыгынан улам элдик толкундоолорго жана бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан сабак алуу керек экендигин белгиледи.