Казакстандык теле алып баруучу Динара Сатжан 8 жаштагы кызын ич кийимчен көчөгө чыгарып жиберген аялга жолугуп, сүйлөшкөнүн Инстаграм баракчасына жазды.
"Кыздын апасы өкүнүп жатат. Сабак алдым. Жетишпеген турмуштан, батирлеп жашагандан, ар дайым жумуш издөөдөн чарчадым. Кошунанын кир кыпчыткычтарын алып ойногондугу үчүн балдарыма ачууланып кеттим. Мен алардын башка бирөөнүн буюмун алышын каалабайм. Мындан ары андай кылбоо керектигин түшүндүрүү үчүн эшикке чыгарып жибердим деп", - айтканын алып баруучу жазып чыккан.
Ошондой эле Динара Сатжан бул үй-бүлөнүн кандай шартта жашагандыгын кошумчалап, балдарды ата-энесинен ажыратпоо керек экендигин айткан.
"Кыздын үй-бүлөсү эски вокзалдын жанындагы эки бөлмөлүү жатакананын бир жагында турушат. Бул үй-бүлөнүн төрт баласы бар. Бул окуя азыр абдан иликтенип, тийиштүү органдар тарабынан каралып жатат. Эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Балдардын апасын түшүнгүм келип жатат. Балким ал да ушундай тарбия көргөн.Ошол себептүү да бала тарбиялоодо башка ыкмаларды колдонууну билбейт чыгар. Ата-энесин балдарынан ажыратпай эле койгон дурус. Баары эле аябай жаман эмес, алар балдарын жакшы көрөт",- дейт Сатжан.
Эске салсак, интернетке кичинекей кыздын ич кийимчен сыртта отурган сүрөттөрү жарыяланган. Кийин анын Казакстандын Нур-Султан каалаасында болгондугу аныкталган. Кичинекей кыз иниси менен кошунанын кир кыпчыткычтарын уруксатсыз алып ойногондугу үчүн апасы аны жазалоо максатында сыртка чыгарып койгон.