"Маселеңерди чече ала тургандарга кайрылгыла". Саламаттыкты сактоо министри жолугушуу учурунда залдан чыгып кетти

Саламаттыкты сактоо министри гепатиттин ар түрдүү формасы менен ооруган бейтаптар менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу тууралуу видеону активист Нурказы Батырбеков социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анда көрүнүп тургандай, бейтаптар министрге көйгөйлөрү тууралуу айтышты.

"Менин келгениме 2 ай болду. Парламенттен суранып жатып, силерге 10 миллион сом бөлдүрдүк. Дагы 300 миллион сом сурап жатабыз. Биз муну кайра январда көтөрүп чыгабыз", - деди жолугушууда министр Алымкадыр Бейшеналиев.

"Биз 1 миллиард 400 миллион сом бөлүп берүүнү суранганбыз. 800 миллионду вакцинага, 600 миллионду дарыга сураганбыз. Сизге кайра-кайра кайрылдык. Бирок бизге кайдагы жомокторду айтып жатасыз", - деди жолугушуунун катышуучуларынын бири.

"Жакшы, анда маселеңерди чече ала тургандарга кайрылгыла",- деп залдан министрдин чыгып кеткенин видеодон көрүүгө болот.


Саламаттыкты сактоо министри гепатит менен жабыркагандарга жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURSAPAR
2020-12-25 15:20:01
Сен иштеп жатсаң анан чокуңа кайрылабы?
+8
Kombi
2020-12-25 17:13:53
Жооп берип жатса 10 млн берди деп, ал каяктан 1 млрд болдуруптур ошол болдурдук деген же мына счетто турат деп далилдесе болмок озу жомок суйлобой.
-2
JaneEr
2020-12-25 21:43:31
Бюджетте акча жок чокусун болушобу
+1
Eldik1111
2020-12-26 01:09:53
Гепатитти министир жугузган жокко туугандар ар бирибиз озубуз учун жашап коопсуздук эрежелерин сактап алдын алсак болотко он жак сол жакка баспай . Окмотто акча жок болуп жатса кайдан болдурмок дагы карыз алышка туура келет маселени чечиш учун
+2
Omyrova
2020-12-26 02:30:08
Биздикилер бири бирибизди угуп укпай эле ажылдап сөз бербегенибиз жаман да...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан