Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда бир жылда 35 мал уурдалып, алардын 18и ээлерине кайтарылып берилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Тогуз-Торо районунун аймагында 2020-жылдын 25-декабрына чейин 35 бодо мал жоголгон. Анда 14 жаран арыз менен кайрылып, ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү делген 6 жаран аныкталган. Алардын жашы 29 жаштан 35ке чейинкилер. Алардын бешөө камакка алынып, бир шектүүнүн үстүнөн издөө жарыяланган.
Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин бул багытта алып барган ийгиликтүү иштеринин натыйжасында уурдалган малдын 18и ээлерине кайтарылып берилген.