Бүгүн, 25-декабрда өлкөнүн 70 мыкты студентине президенттин стипендиясы тапшырылды.
Буга чейин тандап алынган ар бир студентке 50 миң сомдон берилерин, тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгону маалым болгон.
Ал эми SUPER.KG порталы аталган стипендияга ээ болгон студенттин бири Нуркалый Масалбековду сыйлыгы менен куттуктап, кыскача баарлашты.
- Нуркалый, сыйлык кут болсун! Алгач эле өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Мен 2000-жылы Талас облусуна караштуу Беш-Таш айылында жарык дүйнөгө келгем. Орто мектепти борбордогу №88 мектепти артыкчылык менен аяктагам. Учурда эл аралык Кувейт университетинин журналистика бөлүмүндө 3-курста окуйм. Үй-бүлөдө болсо 3 бир туугандын кичүүсүмүн.
- Стипендияга ээ болуу үчүн кандай талаптардын негизинде тандап алындыңар?
- Негизинен биринчи талап болуп окуудагы жетишкендиктер, жалаң 5 менен окуу эсептелди. Ал эми экинчиси коомдук иштерге активдүү катышуу болсо, үчүнчүсү илимий макалаларды жаза билүү. Мисалы, бүгүнкү күнгө чейин канча илимий материалдарды жарыкка чыгарды деген өңдүү критерийлердин негизинде тандап алындык. Башында бул сынак биринчи өзүбүздүн окуу жайда болду. Университеттен 4 студент тандап алынып, анан тапшырдык. Ошонун ичинен бирөө мен илиндим.
- Бул сиздин алгачкы ийгилигиңизби? Кандай сезимде болуп жатасыз?
- Абдан кубануу, толкундануу сезими болуп жатат. "Максат менен соккон жүрөк, бакыт менен өмүр сүрөт" дегендей, сыйлыкка документтеримди берип жатып, бир эсе ишенсем, бирде ишенбей, чындыгында алабызбы деген ойлордо болуп жаттык. Биз тапшырып жаткан учурда абал курч болчу, шайлоонун алды болуп, президент алмашып кетсе кандай болот деп кооптондук эле. Ал күндөр да артта калып, бүгүнкү күндө ээ болуп отурабыз. Ушул күнгө чейин кылган мээнетибиз текке кетпегени жакшы нерсе да. Жакында эле 70 студент тандап алынды деп тизме жарыяланганда, социалдык тармактарда ар кандай пикирлер жазылып жатты. "Кайсы чоңдун баласы, кимдин таанышы" деп жазгандар да болду (күлүп). Мен айтып кетер элем, эч кандай байдын баласы болбосо деле ушул стипендияны алса болот. Буга ар биринин өзүнүн аракети, билими керек. Эгер бул нерсе жок болсо, анда жөн эле шылтоо десек болот.
Бүгүн сыйлык тапшырып жатып Талант Мамытов бир жакшы сөз айтты, силер 184 миң студенттин арасынан тандап алындыңар дегени чындыгында мени кубантып, төбөмдү көккө жеткирди. Алып жаткан билимибиздин үзүрүн көрүп жатканыма өтө кубанып турам.
- Пандемия шартында студенттер татыктуу билим алдык деп ойлойсуңарбы? Онлайн форматта толук кандуу окуп жаттыңарбы?
- Татыктуу билим алдык десем деле болот го. Онлайн окуунун дагы өзүнүн бир артыкчылыктары бар. Мисалы, биз университетке барып билим алганда көп убактыбыз кетип калат. Азыр болсо ал убакытты тажрыйбага жумшасак болот, азыр студенттин көбү эле иштеп жатпайбы, кесиби менен иштегенге эмнеге болбосун? Онлайн окуу болгондо студенттерге эркиндик берилет, көп изденесиң, кыскасы өзүң үчүн окуш керек болот.
- Алган сыйлыкты эмнеге жумшасам деп пландап жатасыз?
- Эң биринчи эле келгенден кийин эрезеге жеткизген, өзүнүн темирдей тартиби, даанышмандыгы, дилгирлиги менен өстүрүп чоңойткон апама белек алууну туура көрдүм. Апама деп чакан бир белек алдым, андан тышкары өзүмдү өстүрүү жаатына жумшасам деген пландарым бар. Калган бөлүгүн өзүмө инвестиция кылсамбы деп ойлонуп жатам, өзүмдү өстүрсөм гана коомго пайдам тиет да. Учурда агартуучулук жаатында иштейм, ошого байланыштуу ошол жаатында да өзүмдү өнүктүрсөм деп жатам.
Кийинки студенттерге айта кетейин дегеним талыкпай эмгек кылып, анан сөзсүз максат коёлу дейт элем. Мен дагы 1-курска тапшырып жатканда ушул президенттик стипендияга ээ болом деп максат койгон элем.